Марипов: Маселе менде болсо кызматтан кетүүгө даярмын

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин комитетинде депутаттардын суроосуна жооп берип жатып кызматынан кетүүгө даяр экендигин билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө кыйынчылык болгондуктан баардык маселени чечүүгө аракеттер көрүлүүдө.

"Эгерде маселе менде болсо азыр кетүүгө даярмын. Мен деле бир жыргап, ырахаттанып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынычылык болгондуктан уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат маселени чечүү. Президенттибиз "Кумтөр" кенинен баштап баардык маселени коюп жатат. Биз аракет кылып жатабыз. Бирөөдөн пара алып жумушка койсом, жумуштан азыр кеткенге даярмын. Менин максатым эртең биз иштеп кеткенден кийин артымда бир иш калса экен деп жатам. Ошол эле учурда жоопкерчиликти алганга даярмын. Капиталдык салымдар жетпей жатат, чече албай жатам, суу жетпей жатат. Кайсы жагына жеткирейин? Эми ушул меселени чечбиз да Кудай буйруса" , - деди Марпов.

Учурда Улукбек Марипов парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД