"Эй дебе" ЖК депутаттары жыйында мушташа кете жаздашты - видео

Депутаттардын ортосундагы пикир келишпестик Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында орун алды. Анда депутат Акылбек Кемелов менен кесиптеши Нурбек Мурашев талашып -тартыша кетишти.

Ага жыйында сөз сүйлөп жаткан Кемеловду комитеттин төрагасынын орун басары Мурашев токтотуп, убакытты үнөмдөө талабы себеп болду.

Анын сөзүн бөлгөнүнө нааразы болгон Кемелов Мурашевге жулуна жөнөгөндө кесиптештери токтотуп калышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД