9-10-декабрь күндөрү жол сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштешет

8-9-10-декабрь күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, өлкөбүздө өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны учурунда, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барууда.

Жетекчилик тарабынан коюлган тапшырманы аткаруу максатында, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине нускамалар өткөрүлүп, кызматкерлер чарчы жана тилкелерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол тыгындарын жана транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында коюлду. Ошондой эле чет өлкөлүк делекаттарды тосуп алуу, коштоп жүрүү жана узатуу учурларында ЖКККББнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү кызмат өтөөдө.

ЖКККББ жалпы айдоочулардан түшүнүү менен кабыл алып, чектөө киргизилген жолдорго унааларды токтотпоону өтүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД