Сабиз баасы боюнча Чүйдүн үч-төрт ишкерине карата териштирүү жүрүүдө

Сабиздин баасы жогорулап кеткенине байланыштуу Чүй облусундагы бир нече ишкер боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 17-июнда парламенттин агрардык комитетинде маалымат берип жатып Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди:

"Бул жерде "кызыл кулактык" бар. Чүй облусунун эки зонасында 3-4 ишкер бар экен. Жергиликтүү бийликтин жардамы менен ошол боюнча иштеп жатабыз. Териштирүү жүрүп, материалдар топтолууда, жакынкы убакта органдарга өткөрүп беребиз".

Кыргызстанда соңку күндөрү жашылча-жемиш кымбаттап, 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго чыккан. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиз кымбаттап кетиши сезондук гана көрүнүш экенин 16-июнда билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД