Марипов: Же жарыксыз калабыз, же тарифти көтөрүшүбүз керек

"Биз чөптү экспорттоого тыюу салуу боюнча буйрук бердик", – деди министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов бүгүн, 17-июнда, парламенттин агрардык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында.

Анын айтымында, жыл башында өсүмдүк майын, селитраны жана күйүүчү-майлоочу майды экспорттоого тыюу салынган.

"Мен бардык маселелерди 100% чечебиз деп убада бере албайм. Бирок биз колубуздан келгендин бардыгын жасайбыз. Башка өлкөлөрдөгү кырдаалды дагы караш керек", – деди ал.

Анын айтымында, буга чейин тарифтер боюнча эч ким жоопкерчиликти алган эмес.

"Тарифтер жөнүндө коомчулукка ачык айта баштадык. Эгерде биз энергетикалык көйгөйлөрдү чечпесек, инвесторлорду тартпасак, анда биз же жарыксыз калабыз, же тарифти көтөрүшүбүз керек", – деп кошумчалады ал.

У.Мариповдун айтымында, бардык көйгөйлүү маселелерди элге ачык айтыш керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД