Жапаров: Кыргызстан Германия менен кызматташууга маани берет

Президент Садыр Жапаров 17-июнда Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары менен жолугушту. Ага Бавария жана Тюрингия федералдык жерлериндеги Кыргызстандын ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммель, Шлезвиг-Хольштайн федералдык жериндеги Кыргызстандын ардактуу консулу Кристоф Крошке, Гамбург шаарындагы консул Карл-Хуго Эрнст Элердинг катышты.

Жапаров Германия менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын европа багытындагы негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

Кыргызстанда инвесторлорду ар тараптуу колдоо боюнча зарыл болгон реформалар ишке ашырылып жатканын, Инвестициялар министрлиги түзүлүп, ал чет элдик инвесторлорго карата шарттарды түзүп, кепилдиктерди берерин кошумчалады.

Консулдар Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү идеялары бар экендигин, эки мамлекеттин пайдасы үчүн ишмердүүлүктөрүн улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД