"ЖӨБ тууралуу мыкты иштелген кодекс турса, логикасыз мыйзамды сунушташууда"

Мындай пикирин Кодекстти даярдоо долбоорунун түзүмдөр аралык жумушчу тобунун мүчөсү Болот Асанакунов билдирди.

Ал азыр сунушталып жаткан "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерине токтолуп, андагы сунуштар абсурд деген пикирин билдирди.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик башкаруудан өзүнчө. Бул эл өзү жоопкерчиликти алып жергиликтүү маселелерди өзү чечиши керек деген сөз. Ал эми аталган мыйзам долбоордо аким айыл өкмөт жана мэрлерди дайындайт деп көрсөтүлүптүр. Бул жалпы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына, өлкөдөгү демократияга, акыр аягы азыркы Конституцияга дагы карама-каршы келип жатат", - дейт Асанакунов.

Ал аталган мыйзам авторитардык деп эсептелинген Түркмөнстанда дагы жок эрежени сунуштап жатканын айтат. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, акимдер аймактардагы өзүнчө "жергиликтүү хандарга айланат деген пикирин билдирди.

"Бул долбоорго ылайык, аким мэрлерди, айыл өкмөт жетекчисин жергиликтүү кеңеш макулдугун бербесе деле шайлап кайра бошото алат экен. Мындай болгондо айыл өкмөттөр түздөн-түз акимге баш ийип калат дагы ал кандай тапшырма бербесин аткарууга милдетүү болот. Мындай кырдаалда акимдер "жергиликтүү хандарга" айланат десе болот", - дейт Асанакунов.

Ал бул мыйзам Кыргызстандагы демократия сындуу баалуулуктарына, Конституциясына каршы-келгенине карабай демилгеленип жатканын түшүнбөй турганын айтат. Эгер Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өзгөрткүлөрү келсе, бир топ убакыттан бери өкмөт тарабынан түзүлгөн атайын топ "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" кодекс даярдап жатканын, ошону кабыл алуусу керек эле деген пикирин билдирди.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө он чакты мыйзамды бир кодекске бириктирип, бул тармактагы баш аламандыкты жойгон долбоор иштелип жатат. Аны бул жаатты эң жакшы билген алдыңкы адистерден турган топ даярдоодо. Ал Конституцияга да шайкеш келет, 30 жылдык тажырыйбаны эске алып, бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоор. Мына ушуну кабыл алуу керек. Ал эми эч кайсы логикага сыйбаган мыйзам долбоорду эмне максат менен сунушташууда түшүнүксүз", - дейт Асанакунов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД