Ноокат районунда кырсыктарды алдын алуу иштери жүргүзүлдү

2021-жылдын 16-июнь күнү Ноокат районунун аймагында жергиликтүү бийлик органдары (айыл өкмөт өкүлдөрү, райондогу социалдык коргоо мекемеси, саламаттыкты сактоо мекемеси, билим берүү, ӨКМ, архитектура, мамлекеттик каттоо ж.б.) менен биргеликте кылмыштуулуктун, зордук –зомбулуктун, жай мезгилинде сууга чөгүү кырсыктарын, жол унаа кырсыктарын алдын алуу, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча "Бирдиктүү алдын алуу" күнү өткөрүлдү.

Ишкана мекемелерден түзүлгөн топтор айыл ичиндеги көйгөйлөр менен таанышып, жайында чечиле тургандарына тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү усулдук жардам беришти. Ал эми жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери сууга жакын жайгашкан, кооптуу суулардын жанында ойноп жүргөн айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, суунун бойлоруна эскертүүлөр илинди.

Ноокат жолу эл аралык жана мамлекеттик жол болгондуктан көптөгөн адам өлүүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып келет. Буга кайдыгер карабаган Бел орто мектебинин "Милициянын жаш жардамчылары" бирдиктүү алдын алуу күнүндө Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине жана ЖКККБга жол эрежелери боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ал эми, РИИБдин көчмө кабылдамасына 12 кайрылуу түшүп, жеринде 7 жаранга түшүндүрүү иши менен пособия ала турган документтердин тизмеси тиешелүү кызмат тарабынан берилди. Калган кайрылуу боюнча чечим чыгаруу үчүн райондук мамлекеттик администрацияга сунуштар берилди. Негизинен айыл жеринде суу, элект энергия, билим берүү мекемеге (мектепке) ремонт иштери, бала бакчанын жетишсиздиги, иштин жоктугунан айыл тургундары чет өлкөлөргө эмгектенип жүргөндүгү боюнча айтып өтүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД