"Ээ дебей калыштыбы?". Жыйында аз жерден мушташып кете жаздаган депутаттар

Бүгүн, 17-июнда өткөн Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча отурумунан кийин кайым айтышып, аз жерден мушташып кете жаздаган депутаттар Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашев отурумдан кийин кол алышты.

Отурум бүткөндөн кийин эки депутат бир аз сүйлөшкөндөн кийин кол алышты.

Буга чейин депутаттар Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашев отурумда кайым айтыша кеткендиги кабарланган. Буга Мурашевдин Кемеловго "Ээ" деп кайрылганы себеп болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД