
Жазаларды аткаруу кызматынын жоокери Кыргызстандын клубдарынын ичинен эң мыкты футзалчы деп табылды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин ефрейтору Кубаничов Кайрат Бакытовичти кыргыз клубдарынын арасында эң мыкты кичи-футбол оюнчусу катары таанылды.
Кайрат Кубаничов Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин бөлүкчөлөрүнүн биринде ушул жылдын жаз айларынан тартып келишим боюнча кызмат өтөп келет.
10 жашынан бери футбол ойнойт. Ал мурда Steelex клубунда ойносо, азыр "Алайда" ойнойт.
"Биз кесиптешибизди бул жогорку жетишкендиги менен куттуктайбыз жана башкаларды да кызматта жана спортто ушундай мыкты ийгиликтерге жетишүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.