"Эй дебе": Экс-спикер жаңжалдашкан депутаттарды шакабалады – видео

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн, 17-июнда жаңжалдашкан депутаттар Кемелов жана Мурашев тууралуу тамашалуу тасмага тартылды.

Видео интернетке жарыяланып, социалдык тармактагы колдонуучулар кызуу талкуулашууда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Кемелов менен кесиптеши Нурбек Мурашев талашып -тартыша кетишти.

Ага жыйында сөз сүйлөп жаткан Кемеловду комитеттин төрагасынын орун басары Мурашев токтотуп, убакытты үнөмдөө талабы себеп болду.

Анын сөзүн бөлгөнүнө нааразы болгон Кемелов Мурашевге жулуна жөнөгөндө кесиптештери токтотуп калышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД