Дайынсыз болуп жаткан 13 жашар Жоробек Акимжанов изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын тургуну 13 жаштагы Акимжанов Жоробек Асылжанович 14-июнь күнү саат 13:00 чамасында Сузак районунун Саты айылындагы чоң энесинин үйүнөн чыгып, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарына келип, кайра үйүнө кайтып барган эмес.
Жоробек Акимжановдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 150-155 см, өңү ак жүздүү, чачы кыска кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө боз түстөгү футболка, башында кызыл түстөгү кепка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим.
Аны көргөн билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюусун укук коргоо органдары өтүнөт:
Тел.: (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70.