Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян кечээ, 17-июнда үй камагына чыгарылды.
Сот өкүмүнө ылайык, ал 15-августка чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян 15-июнда алдамчылык беренеси менен айыпталып кармалган. Кийин ал келтирген зыянынын бир бөлүгү катары 60 миллион сом УКМКнын атайын эсебине которгону кабарланган.