Нарын облусунда жол кырсыгынан эки адам каза болду

Нарын облусунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Кубакы ашуусунда MAN оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (аты-жөндөрү такталууда) каза болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД