
Хорватия курама командасы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.
Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 3-орун үчүн беттеште Хорватия курамасы Мароккону 2:1 эсебинде утуп алды. Жолугушуу бүгүн, 17-декабрда Дохадагы Халифа стадионунда өттү.
Хорватия курамасы голдорду Йошко Гвардиол (7-мүнөттө) жана Мислав Оршич (42) киргизди. Ал эми марокколуктардан Ашраф Дариг(9) гол киргизди.
Эске салск, жарым финалда Хорватия курамасы Аргентина курамасына 0:3 эсебинде, марокколуктар француздарга (0:2) утулуп калган.
Марокко курамасы дүйнө чемпионатында төртүнчү орунду ээлей алган Африкадгы биринчи өлкө болуп калды.