Дмитрий Бивол жылдын мыкты мушкери аталды

Дмитрий Бивол ESPN версиясы боюнча жылдын мыкты мушкери аталды.

Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA Super) жарым оор салмактагы чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн орусиялык Дмитрий Бивол ESPN версиясы боюнча жылдын мыкты мушкери деп табылды.

Бивол шейшемби күнү WBA Super версиясы боюнча жылдын мыкты мушкери сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи Орландодо (АКШ) Асоциациянын 100-конгрессинде өттү.

Бивол 5-ноябрда Абу-Дабиде бир добуштан кабыл алынган чечим менен мексикалык Гилберто Рамирести жеңип, WBA Super жеңил салмактагы чемпиондук курун төртүнчү жолу коргогон. Ага чейин ал май айында мексикалык Сауль Альварести жеңген.

Жалпысынан 31 жаштагы мушкердин куржунунда 21 профессионалдык беттеште 21 жеңиш (11 нокаут) бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД