"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 16-июнь күнү Кара-Суу РИИБинин экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан буга чейинки козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургуну кармалган.

Аталган жаран "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү катары жүргөн, тагыраак айтканда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмунун аудио-видео материалдарын, жана отрибуттарын социалдык тармактардын бирине таратып жүргөндүгү аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды, тергөө амалдары уланууда. Ал эми аталган кылмыш ишинин алкагында башка да кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД