Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда futsalworldranking.com сайты футзал боюнча дүйнөлүк рейтингдин кезектеги версиясын жарыялады. Анда Кыргызстандын курама командасы 122 команданын ичинен 44-орунга илинди.

Рейтингдин алдыңкы ондугунда:

1. Бразилия

2. Испания

3. Португалия

4. Аргентина

5. Россия

6. Казакстан

7. Иран

8. Марокко

9. Украина

10. Парагвай.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД