"Спутник V" вакцинасы келди

Кыргызстанга 17-июнда кечинде Россияда өндүрүлгөн "Спутник V" ("Гам-КОВИД-Вак") вакцинасынын экинчи партиясы алынып келди. Бул ирет 40 миң адамды коронавирустан эмдөө үчүн 80 миң доза жеткирилди.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, алгач 25 миң дозасы Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарына бөлүштүрүлөт. Андан кийин аймактарга жөнөтүлүп баштайт.

Вакцинаны сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен жалпы 70 млн сомдой каражат бөлүнгөн. "Спутник V" менен 65 жаштан жогорку жана өнөкөт оору менен жабыркаган жарандар эмделет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД