
Жакында Жаңы жыл. Ага карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү боюнча КР ИИММдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы кечээ, 19-декабрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Айрыкча мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулуп, авто ээнбаштык жасап, коомго коркунуч алып келген жана жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата рейддик иш-чаралар күчөтүлөт.
Ошондой эле жетекчиликтин тапшырмасы менен кечкисин жол тыгындарын жөнгө салуу жана жол кырсыктары көп катталган жерлерге көзөмөл жүргүзүү үчүн, көчөлөрдүн кесилиштеринде кызматкерлер иш алып барышат.