Шаардык сотунун алдына Т.Зулпукаровдун тарапташтары чогулууда

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын арызын карайт.

Шаардык соттун жанына 100дөн ашык адам чогулду. Алар Зулпукаров менен Жээнбековдун тарапташтары экендигин билдиришти.

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-июлда "Кумтөргө" байланыштуу кармалып, Биринчи май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга УКМКнын абагына убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Аталган депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып коюлууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД