Кыргызстандык волейболчулар зоналдык Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курама командасы 23 жашка чейинкилер арасында өтө турган (U-23) волейбол боюнча зоналдык Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 19-28-декабрь күндөрү Дака шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:

1. Жантемир Жээнбек уулу;

2. Нурислам Медетбек уулу;

3. Нурадил Бердибеков;

4. Афтандил Амангелди уулу;

5. Кадырбек Сатыев;

6. Касым Акматалев;

7. Нурбек Кожомбердиев;

8. Жоогазын Равхат уулу;

9. Самат Кадырбек уулу;

10. Эрнис Токтосунов.

Спотчулар ага машыктыруучу Бакыт Алиев, башкы машыктыруучу Нурбек Калыковдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД