Бишкек ТЭЦи азырынча газга өтпөйт

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан газды Түркмөнстандан алышы мүмкүн экенин айтып, сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи.

Бишкек ТЭЦи азырынча газга өтпөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, "Газпром" ишканасы ТЭЦти газга өткөрүү үчүн кымбат баа коюуда.

"Газпром" ишканасы бааны 175 доллар деп сунуштап жатат. Мындай бааны өлкө экономикасы көтөрө албайт. Жок дегенде 1000 кубметрге 100 доллар болсо жетмек. Ишкана сунуштаган газдын баасы көмүр менен иштегенге караганда 9 эсе кымбат болуп калат экен", - деди Марипов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан газды Түркмөнстандан алышы мүмкүн экенин айтып, бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Бишкек ЖЭБинин кызматкери капиталдык ремонт учурунда

"Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары менен барышы пландалууда. Ошондо да газ, энергетика маселеси боюнча кеп болот. Өзүңөр билгендей, Түркмөнстан - Тажикстан - Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай аркылуу өткөн түтүк бар. Бул маселе сөзсүз каралат. Азырынча Бишкек ТЭЦин газга өткөрүү боюнча маселе ачык бойдон", - деди ал.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын соңунда ошол учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков ордо калааны каптаган ыштан улам ТЭЦти газга өткөрүүнү сунуштаган. Өкмөттүн тапшырмасынан улам "Электр станциялары" ишканасы бул маселе боюнча иштей баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД