Бишкекте алыш күрөшү боюнча шаардын чемпионаты өтөт

Бишкекте алыш күрөшү боюнча шаардын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 21-22-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, чоңдор жана өспүрүмдөр арасында алыштын эркин түрү боюнча таймаштар орун алат.

100дөн ашык балбан төмөнкү салмакта күчүн сынайт:

- эркектер арасында: 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;

- кыз-келиндер арасында: 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг;

- өспүрүм эркектер (15-16 жаштагы) арасында: 50 кг, 55 кг, 60кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг;

- өспүрүм кыздар (15-16 жаштагы) арасында: 40 кг, 45 кг, 50 кг, 55 кг.

Байге фонду:

- чоңдор арасында – 1-орун үчүн 4000 сом, 2-орун үчүн 3000 сом, 3-орун үчүн 2000 сом;

- өспүрүмдөр арасында – 1-орун үчүн 3000 сом, 2-орун үчүн 2000 сом, 3-орун үчүн 1000 сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД