
Ташкент шаарында өткөн каратэ боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын курама командасы 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль утуп, командалык эсепте 8-орунду ээледи. Бул тууралуу КР Улуттук каратэ-до федерациясынын башкы катчысы Анарбек Матусаев билдирди.
Анын берген маалыматына ылайык, 2022-жылдын 16-декабрынан 20-декабрына чейин Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында каратэ боюнча чоңдор арасында 18-Азия чемпионаты, кадеттер, жаштар жана U21 (21 жашка чейинки) спортчулар арасында 20-Азия чемпионаты жана пара-каратэ боюнча 1-Азия чемпионаты болуп өттү.
Чемпионатка 28 өлкөдөн 755 спортчу катышты.
Кыргызстандын атынан 37 спортчу, Эл аралык категориядагы 2 калыс жана 6 машыктыруучу барган. Делегациянын башында Кыргыз Республикасынын Улуттук каратэ-до федерациясынын президенти Турдумамбетов Каныбек Жолдошбекович барган.
Калыстар: Казанов Дмитрий жана Халмурзаев Талантбек.
Башкы машыктыруучу: Дүйшеев Бакыт.
Машыктыруучулар:
Өмүрбеков Акысбек,
Тохтахунов Марат,
Бондаренко Павел,
Баялиева Айсулуу,
Мукашев Анарбек.
Кадеттер арасындагы Азия чемпионатынын жыйынтыгы:
Үсөнбеков Кадыр 63 килограммга чейинки салмак боюнча коло медаль (жеке машыктыруучусу Бакыт Дүйшеев). Үсөнбеков Кадыр биринчи беттешинде Ирактан келген спортчуну 1:0 эсебинде жеңсе, жарым финалда япониялык спортчуга 0:1 эсебинде утулуп калды. Ал эми, коло медаль үчүн кармашта вьетнамдык спортчуну 1:0 эсебинде утуп алды.
Байжигитова Даткайым 54 килограмм салмак боюнча коло медаль (жеке машыктыруучусу Бакыт Дүйшеев). Байжигитова Даткайым биринчи беттешинде Гонконгдун өкүлүн 7-0 эсебинде жеңсе, экинчи беттешинде Казакстандын спортчусуна 0-2 эсебинде утулуп калды. Казакстандык спортчу жарым финалда өзбекстандык спортчуну жеңип финалга жолдомо алды, ошентип Байжигитова Даткайым коло медаль үчүн күрөштө Өзбекстандын өкүлүн жеңип алды (калыстардын чечими менен).
Ал эми өспүрүмдөр арасында Акылбек уулу Эрлан 61 килограммга чейинки салмак боюнча (жеке машыктыруучусу Дмитрий Казанов). Биринчи беттешинде ал ирандык спортчуну 4:1 эсебинде, 2-беттешинде Вьетнамдын өкүлүн 1:0 эсебинде жеңип, бирок, тилекке каршы жарым финалда өзбекстандык спортчуга утулуп калды. Акылбек уулу Эрлан коло медаль үчүн болгон күрөштө иорданиялык спортчуну 3-1 эсебинде жеңди.
21 жашка чейинки жаштар арасында 50 килограммга чейинки салмак боюнча Айсаева Умида алтын медаль утту (жеке машыктыруучу Казанов Дмитрий). Алгачкы беттеште Макаолук спортчуну 7:1 эсебинде жеңип, андан кийин Тайбэйден келген спортчуну 6:0 эсебинде жеңип, финалда япониялык спортчуну 3:2 эсебинде утуп алган.
21 жашка чейинки жаштар арасында 75 килограммга чейинки салмак боюнча Нурланов Назим алтын медаль утту (жеке машыктыруучусу Дүйшеев Бакыт). Нурланов Назим алгачкы кармашында индонезиялык спортчуну 7-5 эсебинде, жарым финалда казакстандык спортчуну, финалда Сауд Аравиянын өкүлүн 1-0 эсебинде утуп алтын медаль тагынды.
Чоңдор арасында 61 килограммга чейинки салмак категориясында Тойтонова Кымбат күмүш медаль утту (жеке машыктыруучусу Өмүрбеков Акысбек). Тойтонова Кымбат биринчи беттеште ирандык спортчуну 3:0 эсебинде, экинчи беттешинде индиялык спортчуну 5:0 эсебинде, жарым финалда вьетнамдык спортчуну 1:0 эсебинде жеңди. Тилекке каршы финалдык беттеште казакстандык спортчуга 0-7 эсебинде утулуп калды.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль менен 28 катышуучу өлкөнүн ичинен командалык эсепте 8-орунду ээледи.