Жактоочулары судьяны алмаштырууну суранышты

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн карап жатат.

Сот отурумун судья Ирина Воронцова алып барууда. Анын жүрүшүндө Зулпукаровдун жактоочулары судьяны алмаштырууну суранышты, анын себебин Зулпукаровдун сот отурумуна алынып келбегени менен түшүндүрүштү.

"Биз Зулпукаровду сотко алып келүүнү же сот отурумун онлайн өткөрүүнү өтүнөбүз", - деди жактоочу Жыргалбек Бабаев.

Бирок жактоочулардын судьяны алмаштыруу жөнүндө өтүнүчү четке кагылды жана сот отуруму 11:00гө жылдырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД