Иранда президенттик шайлоо өтүп жатат

Ирандын 8-президенти болууну каалагандар: Абдольнассер Хеммати, Мохсен Резаи, Амир Хоссейн Газизаде Хашеми жана Эбрахим Раиси.

Башында жети талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бирок шаршемби күнү мурдагы өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу Саид Жалили, депутат Алиреза Закани жана мурдагы вице-президент Мохсен Мехрализаде өз талапкерлигин алып салышты.

Байкоочулардын баамында, Ирандын 8-президенти шайлоочулардын өтө аз катышуусу менен шайланат.

Бул шайлоо Ирандын 2015-жылдагы дүйнөлүк державалар менен түзгөн өзөктүк келишимине, АКШнын санкцияларына жана өлкөнүн алсыз экономикасына таасир этет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД