Дарыгерлерге компенсация катары 600 миллион сом бөлүндү

Быйыл июнь айынын башында кызыл зонада иштеген медициналык адистерге компенсация төлөө үчүн республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Нарын облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Ал бардык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлгөнүнө токтолду.

"Июнь айынын башында кызыл зонада иштеген медициналык адистерге компенсация төлөө үчүн республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүнгөн. Бардык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Нарын районунун медицина кызматкерлери бийик тоолуу шарттарда иштешет. Дарыгерлерге жарандардын ден-соолугу жана өмүрү үчүн күрөшүүдө жан аябастык менен эмгектенгендиги үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем", - дейт Бакашова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД