УКМК: "Кумтөр" иши боюнча Тайырбек Сарпашев кармалды

"Кумтөр" кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөө улантууда.

Сотко чейинки өндүрүш иш чараларынын жүрүшүндө мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин канадалык "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр" кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды.

Тергөө иштринде, Тайырбек Сарпашев Өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, "Центерранын" кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары, Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр Голд Компаниясынын" мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, "Лысый" жана "Давыдов" мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн парламенттин кароосуна киргизген.

Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен, кечээ, 17-июнда Кылмыш-жаза кдексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

Жакынкы аралыкта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД