Караколдо "Мен чемпион" аталышындагы кышкы оюндар старт алды

Кечээ, 26-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Мен чемпион" аталышындагы кышкы оюндар старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери, атайын келген күйөрмандар катышты.

Кышкы оюндардын биринчи күнүндө лыжа жарышы жана хоккей боюнча беттештер башталды. Лыжа жарышы боюнча жалпы Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген 60тан ашуун жаш спортчу катышты.

Ал эми хоккей боюнча беш курама команда беттешүүдө.

Белгилей кетсек, "Мен чемпион" кышкы оюндары балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин оууучулары арасында өтүүдө. Бүгүн, 27-декабрда тоо лыжасы, слалом дициплинасында жарыш жана хоккей боюнча финалдык беттештер болот.

Эскерте кетсек, кышкы оюндар 28-декабрга чейин созулуп, байге фонду 1 млн 50 миң сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД