Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 23-декабрдан 27-декабрга чейин созулган жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.