Мамлекеттик түзүмдөрдө 1,5 млрд каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Эсеп палатасы мамлекеттик түзүмдөрдүн каржылык мыйзам бузуулары 2020-жылы 1,5 млрд сомду түзгөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасы 2020-жылы 1800дөн ашуун уюмга аудит жүргүзгөн. Анын алкагында 1300 бюджеттик мекемелер, 251 чарба жүргүзүүчү субъекттер, 201 жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер-уюмдар жана башка уюмдар текшерилген.

Анын жыйынтыгы менен мамлекеттик түзүмдөр тарабынан каржылык мыйзам бузуулар 1,5 миллиард сомдон ашкан, резервдер жана бюджеттик жоготуулар 4,9 миллиард сомду, ал эми каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу 1,6 миллиард сомду, коомдук жана башка уюмдарда аныкталган каржылык мыйзам бузуулар 324 миллион сомду түзгөн.

Жалпы келтирилгендин зыяндын суммасы 3 миллиарддан ашык сомду түзгөн, анын ичинен 1 миллиард сом же 32,6 пайызы кайтарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД