Футбол падышасы Пеле көз жумду

Бразилияда футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле (Эдсон Арантис ду Насименту) көз жумду.

Өткөн аптада Пеленин абалы начарлап кеткени белгилүү болгон. Ал рак менен жабыркап, бөйрөк менен жүрөктүн иштешинин начарлашынан улам Сан-Паулодогу оорукананын реанимациясында жатканы кабарланган.

2021-жылы футболчу жоон ичесиндеги шишикти алдырып, дарылануусун улантып жаткан. Ал эми 22-декабрда Пеленин абалы начарлап кеткени кабарланган.

Пеле дүйнөнүн үч жолку чемпиону катары тарыхта жалгыз футболчу (1958, 1962, 1970). Бразилия курамасында 92 беттеш өткөрүп, 77 гол киргизген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД