Казакстанда дагы сабиз менен картошканын баасы болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү

Sputnik Казакстандын маалыматына караганда, Актауда бир килограмм сабиздин баасы 800 теңгеге чыкты (150 сомдон ашык). Ал эми республика боюнча алып караганда орточо баасы 550 теңгени түзүүдө (108 сом). Картошка болсо 500 теңгеден (99 сом) сатылууда. Баанын өзгөрүп жатканын товар ташыгандар быйылкы жаңы түшүм менен байланыштырып жатышат.

Казакстандын интернет аймагында валюта курсу жазылган тактага сабиз менен картошканын сүрөтүн тартып, тамашалап жатышат. Бул жашылчалар азыр доллар менен евродон кымбат.

Кыргызстанда дагы айыл чарба продукциялары кескин кымбаттап кетти. Мисалы, ошол эле сабиз 100 сомдон сатылып жатса, картошканын баасы 60-70 сом болду. Айыл чарба министрлиги жашылчанын бул түрүн сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизүүнү пландап жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД