Бишкектеги кофейняда дене табы көтөрүлгөн официанттар иштеп жаткан

Бишкек шаарында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана Ленин РИИБдин кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдик топ коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда рейд өткөрдү. Анын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Adriano Coffee" кофейнясы текшерилди жана ал жакта санитардык нормалар сакталбаганы аныкталды.

Тактап айтканда столдордун аралыгы жакын болуп, айрым кызматкерлер бет кап тагынбай иштеп жатышкан.

Ошондой эле кофейняда дене табы көтөрүлгөн официант иштеп жатканы белгилүү болду. Каттоо журналында анын дене табы 37,4 деп жазылган.

Администратор официант жумушка велосипед тээп, тердеп келерин айтып актанды. Бирок санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлери бул нормага туура келбей турганын айтышты.

Андан тышкары дагы бир кызматкердин дене табы 37,1 болуп чыкты.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлери "Adriano Coffee" кофейнясына Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүп, 3000 сом айып пул салышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД