Депутат А.Алтыбаева: "Эсепте этияттык керек..."

"Баткен областындагы соңку окуялар көрсөткөндөй, андагы элдин абалы аяр мамилени талап кылат. Алардын насыя жагынан төлөмдөр менен эсептешүүсүндө Улуттук Банк жеңилдиктерди караштырууда. Бул тууралуу башкы банк жетекчилиги депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө министрлер кабинети менен биргеликте иштеп жаткандыгын айтты", - деп билдирди ЖК депутаты А.Алтыбаева "Парламент" радиосуна курган маегинде.

Ал эми элдин 2 – 3 сааттын ичинде жеңил насыя алууга шашылган бөлүгү үстөк пайызы чоң чаташууларга кабылып калып жаткандыгы барып турган этиятсыздык. Кандай гана каржы уюмдары болбосун өз ишмердигин мыйзам талаасында так алып барса, пайыздар элге залакасын тийгизбес эле. Бул жагынан финансы рыногун тескеген тиешелүү органдар иш алып барууда жоопкерчиликти күчөтөт. Себеби, сырттан келип жаткан ар кандай финансылык колдоонун кара кутучасына айланган коомдор болуп калышы ыктымал, - деди эл өкүлү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД