Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте эркин күрөш боюнча республика чемпионаты өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 23-24-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт. Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкө жаштарынын арасында күрөштү жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.

Спортчулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмак категорияларында күч сынашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД