Марипов: талапка жооп бербеген автомектептер жабылышы керек

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды. Ал Кыргызстанда автокырсыктардын көбү айдоочулар каршы тилкеге чыгып же мас болуп машине айдагандыктан болорун билдирди.

"Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Автомектептерди текшерүү жүргүзүлө турган тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, "кара тизмеге" киргизилиши керек".

Расмий маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси быйыл беш айда 82 миңден ашык айдоочулук күбөлүк берди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 600гө көп. Алардын ичинен 41 миң 500 киши айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алгандар. 27 миң 500 адам күбөлүгүн жоготуп же мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кайра алгандар.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 18-июнда Жогорку Кеңеште "Коопсуз шаар" долбоорунун ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында автомектептер тууралуу маалымат берди.

"Кыргызстанда 235 автомектеп бар. Анын ичинен 119на эскертүү берилген, 14нө айып пул салынып, 13нүн ишмердиги үч айга убактылуу токтотулган".

Ал жол кырсыктарынын санын азайтуунун бир жолу катары автомектептерге талапты күчөтүү керектигин айтты. Бир катар депутаттар айдоочулук күбөлүктөр сатылып жатканын, ага каршы иштерди алып баруу зарыл экенин билдиришти. Кыргызстанда соңку апталарда автокырсыктар көп катталып, андан ондон ашык киши каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД