Кыргызстан парник газдарынын чыгарылышын 44%га кыскартуу максатын койду

2023 – жылдын 9-мартында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлиги - Жашыл климат фонду (ЖКФ) менен өз ара аракеттенүү боюнча улуттук ыйгарым укуктуу орган катары-Фонддун, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен консультациялык жолугушуу өткөрдү.

Жашыл климат фонду өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана калктын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун камсыз кылуу боюнча ниеттерин жана эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу.

Кыргыз тараптын ЖКФ менен кызматташуусу улуттук долбоорлорду климаттык каржылоону активдештирүүгө багытталган жана климаттык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелеринде өлкөбүзгө финансылык жардамдын көлөмүн көбөйтүү боюнча КР Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдардын алдына коюлган милдеттер менен байланыштуу.

Бул жолугушууда КР Президентинин Администрациясынын, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов, социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет "жашыл "чемпиондун футболкасын кийип көрдү" жана климаттык долбоорлорду тартууга жана ишке ашырууга колдон келишинче колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде,Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимов белгилегендей, 2030-жылга карата Кыргызстан парник газдарынын чыгарылышын 44% га кыскартуу максатын коюп жаткандыгын белгиледи. Азыркы учурда биздин өлкөнүн жалпы дүйнөлүк чыгындылардын түзүмүндөгү үлүшү аз, ал 0,03% га жакын, ал эми парник газдарынын чыгындыларынын табияты – өнөр жайлык эмес жана адамдардын жашоо-турмушу менен байланышкан. 2050-жылга карата Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат, бул көмүртексиз саясаттын локомотиви энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) болот.

2023-жылдын 30-январында ЖКФ 2 долбоордук арыз берилген, бул долбоорлор Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык өнөктөш эмес (ПРООН, ФАО ж. б.) мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгып берилген.

Ошону менен бирге ЖКФ өкүлдөрү жалпысынан климаттын өзгөрүү маселесинин оң динамикасын белгилешти. Ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин мазмунун жалпы түшүнүүнүн жана кызматташуунун так улуттук алкактарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынан климаттык долбоорлорду илгерилетүү боюнча маселелерди аныктоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө АРИСТИ аккредитациялоо жана ДОС-КРЕДОБАНКТЫ аккредитациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик органдар климаттык долбоордук идеяларды иштеп чыгуу боюнча өз багыттары боюнча маалымат беришти.

Жыйынтыгында Кыргыз тарап жемиштүү биргелешкен ишке даярдыгын билдирип, кызматташууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД