Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралмак.
Эртең менен саат 9:00гө белгиленген соттук отурумга Төрөбай Зулпукаров өзү алынып келген жок.
Жактоочулары анын алып келүүнү талап кылып сотко кайрылышты.
Бирок белгисиз себептер менен депутат алынып келинбей, отурум 23-июнга жылдырылды.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
Аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып коюлууда.