Бороонго карабай жаңы Казакстанга карай кадамдар

Казакстанда бийликти жаңылоо кадамы аяктады – өлкөдө кезексиз Мажилиске шайлоо өттү. 2004-жылдан бери биринчи жолу добуш берүү аралаш система боюнча жүргүзүлүп, шайлоо жарышына партиялык тизмедеги талапкерлерден тышкары мажоритардык талапкерлер да катыша алды. Өлкө жетекчилиги эски системага кайтып келүү - бул адилеттүү жана атаандаштыкка негизделген кадам деп түшүндүрдү, муну саясий эксперттер дагы тастыктады.

Бороонго карабай жаңы Казакстанга карай кадамдар

Дээрлик бардык, анын ичинде чет өлкөлүк байкоочулар жаштардын активдүү катышуусун белгилешти. Көптөгөн калктуу пункттарда аба ырайынын начарлашына: кар бороонуна жана шамалга карабастан, казакстандыктар добуш берүүгө барышты. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн төрт облусунда, анын ичинде Астанада катуу шамал тууралуу эскертүү берилген. Бирок эл эч нерсеге карабай шайлоого барды.

Добуш берүү процесси журналисттер үчүн толук жеткиликтүү болду. Шайлоо процессинин жүрүшү менен көйгөйсүз таанышууга мүмкүн болду – шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү байкоо жүргүзүү процессине кийлигишкен жок.

Белгилей кетчү нерсе, мындай кыска убакыттын ичинде коңшулар өздөрүнүн жаңы тарыхындагы эң маанилүү этапты басып өтүштү. Атап айтканда, референдум өткөрүү, Президентти, Жогорку Кеңештин Сенатынын жана Мажилисинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Эч кимге чектөө, өзгөчө өлкө жетекчилигинин "жакындары" же атайы тандалма талапкерлер болгон жок. Ар бир катышуучуга жаңы мүмкүнчүлүк, шайлоочуга тандоо эркиндиги берилди. Ошентип, реформалар адилет жана ачык-айкын жүргүзүлдү деп ишенимдүү айтууга болот.

Казакстанда өткөн шайлоолор мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүгө – жаңы саясий маданиятты калыптандырууга багытталган. Бул учун бардык шарттар түзүлдү. Добуш берүүнүн аралаш системасы шайлоодо интрига жаратып, атаандаштыкты күчөттү. Казакстанда бир депутаттык орун үчүн орто эсеп менен 15 талапкер ат салышкан, бул албетте кызыгууну жаратты. Ал эми дагы бир позитивдүү учурду белгилей кетүү керек – ар бир жаран партияны эмес, конкреттүү талапкерди тандап алды.

Былтыр кезексиз президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Зайнидин Курманов шайлоо участкаларынын биринде шайлоонун жүрүшүнө көз салган. Андан соң ал 24.kg агенттигине плебисцит боюнча комментарий берген эле:

"Байкоочулардын басымдуу бөлүгү шайлоо процессинин уюшкандык деңгээлин жана ачык-айкындыгын белгилешти, анын жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган жок. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин өлкөнү жети жыл башкарып, экинчи мөөнөткө ат салышууга укугу жок. Казак лидери баштаган мындай инновациялык норма коңшулар арасында жана Евразия мейкиндигинде орун алабы же жокпу, бул чоң суроо. Ошол эле учурда башкаруунун супер-президенттик формасынан акырындап чыгуу жана саясий системаны демократиялаштыруу Казакстандын өзүнүн жашоосунда жаңы этапты ачты", - деп баса белгилеген Зайнидин Курманов.

Ал эми бул жолу Парламентке болгон шайлоодо бийлик ачык-айкындуулук жана адилеттүүлүк келечекке карай жолдун негизи экенин далилдеди.

29-мартта Астанада VIII чакырылыштагы Казакстан Республикасынын парламентинин биринчи сессиясынын ачылышы болуп, анда Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө К.Токаев өткөн жыл ичинде өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы негизги өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Реформаны ишке ашыруу "күчтүү Президент – таасирдүү парламент – отчет берүүчү өкмөт" формуласына негизделген.

"Саясий процесстерди демократиялаштыруу, жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусун мындан ары жогорулатуу кыймылы улантылат. Мен бул жаңылануулар элибиздин келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экенине ишенем", - деп белгиледи Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаев.

Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын Президенти ишкердик активдүүлүктү стимулдаштырууга, өнөр жай потенциалын ачууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө болгон мамилени кайра карап чыгууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга, адамдык капиталдын сапатын жогорулатууга, жарандардын социалдык аялуу катмарын колдоого, жарандардын социалдык жактан корголбогон катмарын колдоого чакырды. Адам укуктарын коргоо системасы, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана стратегиялык пландаштыруунун сапатын жогорулатуу маанилүү максат экенин белгиледи.

Дүйнөдө болуп жаткан турбуленттүүлүккө карабастан, Казакстан туруктуулукту жана аракеттердин ырааттуулугун көрсөтүүнү улантууда.

Негизги максатка – жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана жалпы журттун жашоо-шартын жаңыча калыптандырууга жетишүү үчүн Казакстандын Президенти төмөнкү идеологияларга таянат: мыйзамдуулук, элдин биримдиги, социалдык адилеттүүлүк жана ички саясий, жана эң башкысы туруктуулук.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД