Жеткирүү чынжырлары менен кантип иштешет?

Заманбап глобалдык экономикада бардык секторлордогу ишканалар, адатта, ар кайсы өлкөлөрдөн өткөн, ар биринин өзүнүн мыйзамдары жана эрежелери, адам укуктарын сактоо тажрыйбасы жана маданияты бар татаал жеткирүү чынжырларына тартылган.

Сиз кинозалда отуруп, белгилүү тасманы көрүп жатканыңызды элестетсеңиз. Эми элестетип көргүлө, канчалаган адамдардын эмгеги аркылуу бул ишке ашып жатат. Тасманын өзүн Индия менен Кореяда субподрядчиктерди колдонгон америкалык компания чыгарган болушу толук мүмкүн. Сиз жеген попкорн үчүн жүгөрү Аргентинада өстүрүлгөн, попкорндун өзү Малайзиянын пальма плантацияларынан алынган пальма майынан Италияда чогултулган жабдыктар менен жасалып, Кыргызстандын рыногуна Түркиядан келген компания тарабынан жеткирилген. Сиз ичип жаткан суусундукту жергиликтүү чакан компания сатат, бирок дүйнөлүк бренддин туунду компаниясы чыгарат. Сиз отурган кресло Кытайда жасалган. Кинотеатрга айдап келген унааңыз, айталы, Мексикада же Таиландда жасалган тетиктерден Японияда чогултулган. Ошентип, эки саат кино көрүү үчүн дүйнөлүк жеткирүү түйүндөрүндөгү ондогон өлкөлөрдө миңдеген адамдардын эмгеги талап кылынышы мүмкүн.

Жеткирүүлөрдүн глобалдык чынжырлары экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнү колдоодо зор роль ойнойт, алар адам укуктарын олуттуу бузуулар менен дагы байланыштуу. Көбүнчө, бул бузуулар компаниялардын жеткирүү чынжырына тийиштүү көңүл бурбагандыгынын натыйжасы болуп саналат.

Эл аралык стандарттар жеткирүү чынжырлары жөнүндө эмне дейт?

Бизнес жана адам укуктары боюнча БУУнун Жетектөөчү принциптерине ылайык, компаниялар өз иштеринде гана эмес, ошондой эле жеткирүү чынжырларында да адам укуктарын урматтоого милдеттүү. Маселен, компаниялар тарыхый түрдө 1-деңгээлдеги жеткирүүчүлөрдүн аудитине таянып, жумуш орундарынын шарттарына баа берүү, мажбурлап иштетүү, балдар эмгеги, аз айлык акы, дискриминация жана куугунтуктоо тобокелдиктерин болтурбоо үчүн колдонушкан. Анткен менен Бангладештеги "Тазрин" тигүү фабрикасында жана "Рана Плазада" болгон бир катар трагедиялардан кийин социалдык аудитти текшерүүлөр күчөп баратат. Компаниялар жеткирүү чынжырындагы адам укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүүдө кыйла ишенимдүү ыкмаларды колдонуу менен аудиттен "өтөт" деген күтүүлөр өсүүдө.

Маалымдама.

Даккадагы тигүү фабрикасында өрт 2012-жылдын 24-ноябрында Бангладештеги Tazreen Fashion фабрикасында чыккан. Өрттөн кеминде 117 адам каза таап, 200дөн ашууну жарадар болуп, бул өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу фабрикалык өрт болуп калды. Фабрика батыштын ири бренддери, атап айтканда C&A жана Walmart үчүн кийим тиккен. Ошону менен бирге ишканалардын өздөрү заводго буйрутмаларды алардын подряддык уюмдары бергенин, ал эми бренддердин өздөрүнүн фабрика менен түздөн-түз келишими болбогонун билдиришкен.

2013-жылдын 24-апрелинде Бангладештин Савар шаарынын четинде бир нече кийим тигүүчү компаниялар, ошондой эле банк жана бир нече батирлер жайгашкан сегиз кабаттуу Рана Плаза имараты урап, 1100дөн ашуун жумушчу каза болуп, 2000ден ашууну жаракаттарды алган.

Кырсыктын алдында, 23-апрелде, имараттын фасадында чоң жаракалар табылып, андагы адамдарды эвакуациялоо жана имараттагы бардык мекемелерди жабуу тапшырмасы берилген. Банк жана ылдыйкы кабаттарда жайгашкан дээрлик бардык цехтер буйрукка баш ийип, тигүү ишканалары ишин уланта беришкен. Каза болгондор жана жарадар болгондор бул ишканалардын жумушчулары (алардын 90% аялдар) жана алардын балдары (мектепке чейинки жана мектепте билим берүү системасы начар өнүккөндүктөн аялдар балдарын жумушка алып кетүүгө аргасыз болушкан).

Rana Plaza ишканасы дүйнөлүк бренддер, анын ичинде Mango, Benetton жана башкалар үчүн кийим тигишкен. Ошондой эле Rana Plaza урандыларынан Carrefour (Tex бренди), Auchan (In Extenso бренди) жана H&M маркаларынын кийимдери табылган.

Эки учурда тең тийиштүү эмгек шарттары түзүлгөн эмес, эмгек коопсуздугунун талаптарына кайдыгер мамиле жасалган. Жумушчулар күнүнө 2-3 доллардан алышкан. Ошол эле учурда дүйнөлүк компаниялар кийин алардын бренддери менен сатылып жаткан продуктылар кандай шарттарда өндүрүлгөнүнө дээрлик кызыккан эмес.

Төмөндө компаниялар жеткирүү чынжырындагы адам укуктарынын тобокелдиктерин четтетүүдө эске алышы керек болгон жагдайлар келтирилген. Бул пункттарды билүү чоң жеткирүү чынжырлары бар компаниялар үчүн да, ошондой чынжырлардын бир бөлүгү болгон жана тигил же бул тажрыйбаны өзгөртүү үчүн дүйнөлүк кардар менен байланышуу жолдорун издеп жаткан компаниялар үчүн да пайдалуу болот:

1. Өз ташуучуларыңыздар менен тыгыз кызматташыңыздар

Адам укуктарына терс таасирин тийгизген жеткирүү чынжырынын тобокелдиктерин жакшы түшүнүү максатында компаниялар бардык деңгээлдеги өз жеткирүүчүлөрү менен өнөктөш болуу жана катышуу үчүн күчтүү процесстерди ишке ашыруусу керек. Жеткирүүчүлөрүңүз менен адам укуктарынын тобокелдиктери боюнча иш алып баруу менен сиз тобокелдиктерди активдүү түрдө чечип, алсыздыктар көйгөйгө айланганга чейин четтете аласыз.

Муну менен катар адам укуктары менен иштөө бул текшерүү тизмесиндеги белги же веб-сайтыңызда заманбап кулчулук жөнүндө билдирүүнү жарыялоо эмес экенин эстен чыгарбоо керек. Бул жерде чындыгында болуп жаткан нерсенин чыныгы сүрөтүн алуу жөнүндө кеп болуп жатат.

Алардын көйгөйлөрүн түшүнүү, чечүү жолдорун табуу жана биргелешкен милдеттенмелерди иштеп чыгуу үчүн жеткирүүчүлөр менен өнөктөш болуу узак мөөнөттүү таасирин тийгизет. Кызыкдар тараптардын катышуусунун инструменттери, мисалы, мобилдик технологиялар, жумушчулардын анонимдүү пикирлерин алууну шарттап, жеткирүү чынжырларынын ачыктыгын жогорулата алат. Жерине баруу аркылуу жеткирүүчүлөр менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү компанияларга тобокелдиктерди аныктоого жана жеткирүүчүлөр менен кызматташууда маданий жана контексттик өзгөчөлүктөрдү эске алган программаларды иштеп чыгууга жардам берет.

2. Жергиликтүү калк жана жумушчулар менен жеринде кеңешиңиз

Адам укуктарынын тобокелдиктери менен иштөө оңой эмес, анткени бардыгына туура келген бирдиктүү чечим жок. Ошондой болсо да, көптөгөн компаниялар дагы эле өздөрүнүн конкреттүү абалын түшүнүүгө убакыт бөлбөй, башка бирөөнүн мыкты тажрыйбасын кайталоого кайра-кайра аракет кылышат. Жеринде кырдаалды түшүнүү – адам укуктары маселесин туура чечүүнүн ачкычы.

Мисалы, көптөгөн компаниялар эмгек укуктарын бузуулардын жоктугуна кепилдик берүү үчүн батыштын стандарттарына ылайык фабрикалардагы иш убактысын жөнгө сала алышат. Мындай башкаруу жакшы ниет менен жасалганы менен, пайдасына караганда зыяны көп болушу мүмкүн. Өтө жакырчылыкта жашаган адамдарга ашыкча иштөө үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кандайдыр бир мейкиндик ачуу (эгерде бул эксплуатациялоочу болбосо жана аларга татыктуу эмгек акы берилсе) аларга чындап жардам бере алат.

3. Тобокелдиктерге алардын олуттуулугуна жана ыктымалдуулугуна жараша артыкчылык бериңиз

Тобокелдиктерди олуттуулугуна жана ыктымалдуулугуна жараша классификациялоо – күч-аракетиңизди кайсы жакка багытташ керектигин аныктоонун эң сонун жолу. Бул өзгөчө бир эле учурда бардык өнөктөштөрү менен кызматташа жана иштеше албаган жеткирүүчүлөрдүн чоң тобубар компанияларга тиешелүү.

4. Адам укуктары жаатындагы саясатты иштеп чыгыңыз жана киргизиңиз

Адам укуктары боюнча саясатты эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, аларды жеткирүү чынжырын башкарууга интеграциялоо жана жеткирүүчүлөрдүн отчеттуулугун камсыз кылуу өтө маанилүү. Адам укуктарынын эл аралык стандарттары сатып алуу процесстерине толугу менен киргизилиши керек. Бул стандарттардын сакталышын жеткирүүчүлөрдүн ишин баалоодо жана сатып алуу чечимдерин кабыл алууда эске алуу керек.

Дүйнөлүк компаниялар көп учурда реалдуу эмес мөөнөттөр жана баанын төмөндөшү менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу үчүн сатып алуу топторун жоопкерчиликтүү сатып алуу тажрыйбасына үйрөтүүнүн үстүндө көбүрөөк иштеп жатышат.

5. Дараметти өнүктүрүңүз жана өбөлгөлөрдү сунуштаңыз

Глобалдык компаниялар потенциалды жогорулатууга жана жеткирүүчүлөрдү өбөлгөлөөгө көбүрөөк инвестиция салууда. Бул демилгелер билим алмашууну жеңилдетет, каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт жана сатуучуларга системалык көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүү үчүн жоопкерчиликти алууга мүмкүндүк берет.

Алдыңкы компаниялар ошондой эле эң натыйжалуу калыбына келтирүү стратегиясына бетме-бет окутуу жана башкаруу системаларын чыңдоо үчүн практикалык колдоо кирерин моюнга алышат. Келишимдин артыкчылыктуу шарттары сыяктуу максаттуу тренингдер жана өбөлгөлөр абдан маанилүү.

6. Жеткирүүчүлөрдүн порталдарын жана даттанууларды биргелешип кароо механизмдерин пайдаланыңыз

Жеткирүүчүлөрдүн порталдары – бул жеткирүүчүлөргө жүрүм-турум кодексине, жеткирүүчүлөрдүн документтерине, даттануу механизмдерине, потенциалды жогорулатуу куралдарына жана тренингдерге жетүү үчүн бирдиктүү терезе катары кызмат кылган онлайн платформалар. Бизнес-өнөктөштөрдөн мындай платформада камсыздоо пункттарын каттоону талап кылуу адам укуктары принциптерин сактоону жакшыртат жана мониторингди жеңилдетет.

Бул порталдар ошондой эле жеткирүүчүлөргө жана алардын кызматкерлерине даттануу механизмдерин сунуштай алат. Жеткирүү чынжырынын жумушчуларынын конфиденциалдуу жана анонимдүү даттануу механизмине кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу маанилүү.

Жеткирүү тизмегиндеги адам укуктары маселелерин чечүү бардык тармактардагы компаниялар үчүн туруктуу көйгөй бойдон калууда. Мындай жеткирүү чынжырларынын бир бөлүгү болгон жергиликтүү бизнес дүйнөлүк компаниялардын потенциалдуу суроо-талаптарына даярдануу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ошондой эле анын адам укуктарына терс таасирин аныктаганда, алар бөлүгү болгон жеткирүү чынжырындагы тигил же бул тажрыйбаны өзгөртүү демилгесин көтөрө алышат.

Бул макала Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУ ӨП "Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампан


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД