Укуктук өңүттөгү багыт векторунун өзгөрүшүнө байланыштуу бизнес мамлекеттин, кардарлардын жана кызматкерлердин алдындагы өзүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп турат. Кыргызстанда адам укуктары коомдун көңүл чордонундагы олуттуу маселе. Эмгек укуктары, дискриминация жана сөз эркиндиги боюнча жарандардын маалымдуулугу өсүүдө. Адам укуктарын коргоону талаптагыдай деңгээлде камсыз кылууга аракеттенген Акыйкатчы институту, Бизнес-акыйкатчы институту, укук коргоо уюмдары, кесиптик бирликтер жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар иштешет. Бүгүнкү күндө мыйзамдык деңгээлде БУУнун Жетектөөчү принциптерине негизделген ишкердик чөйрөсүндө адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.
Кыргызстандагы бизнес жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга канчалык даяр жана бизнес-ассоциациялардын ролу тууралуу Эл аралык бизнес кеңешинин, "JIA" бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү айтып беришти.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директорунун орун басары Жанабил Давлетбаев ири компаниялар БУУнун Жетектөөчү принциптеринин негизинде иштөөгө азыртадан эле даяр деп эсептейт.
"Ири компаниялар бул маселеге мамлекеттик органдар тарабынан да, укук коргоочулар, эл аралык уюмдар тарабынан да толук көңүл бурулуп жатканын көрүп жатышат. Мыйзам деңгээлинде ишкердик ишмердүүлүктө адам укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат, туруктуу тажрыйба бар", - дейт ЭИКтин аткаруучу директорунун орун басары.
Чакан жана орто бизнесте адам укуктары боюнча маселелер көп учурда көңүл сыртында калат. Муну иш берүүчү менен жалданма жумушчулардын ортосунда эмгек келишимдери түзүлбөгөн формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун мисалында көрүүгө болот. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жарандардын 70%дан ашыгы формалдуу эмес иштешет жана бул көп учурда адам укуктарына коркунуч жараткан негизги фактор катары көрүнөт.
Жанабил Давлетбаев адам укуктары чөйрөсүндөгү көйгөйлүү кырдаалдарга жана компаниялардын жоопкерчиликтүү жүрүм-туруму аларды чечүүгө кандай салым кошо аларына бир нече мисал келтирди.
Гендердик дискриминация
Кыргызстанда жумушта куугунтуктоо же жумушка алууда басмырлоо, мыйзамсыз иштен алуу боюнча окуялар көбөйүүдө. Юрист башынан эле аялдар кош бойлуу болуп калышы мүмкүн деп ишке алынбай, ал эми эркектер жумушка кабыл алынганы айдан ачык – "өлкөдө кемчилдиктер бар" деп эсептейт.
Аялдар дуушар болушу мүмкүн болгон системалуу дискриминацияны моюнга алуу менен, адам укуктарынын эл аралык стандарттары мамлекеттерден басмырлоону жок кылууга көмөк көрсөтүүнү талап кылат (БУУнун аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенциясы Кыргызстан тарабынан ратификацияланган).
Жеке маалыматтарды сактоо
"Көбүнчө компаниялар жеке маалыматтардын ири базаларынын сактоочулары болуп саналат, мисалы, банк сектору, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуучулар, бул жерде адамдар катталып, өздөрүнүн жеке маалыматтарын беришет. Бул маалыматтар үчүнчү жактарга атайылап же билбестен жетет деген кепилдик барбы? Бул заманбап чакырыктардын жаңы деңгээлинде адам укуктарына таасирин тийгизет", - деп түшүндүрөт юрист.
Кыргыз Республикасында жеке маалыматтарды жана жарандардын укуктарын коргоону жөнгө салуучу негизги мыйзамдык акт болуп 2017-жылдын 22-майындагы "Жеке маалыматтар жөнүндө" Мыйзам саналат.
Бирок, мыйзамдык ченемдердин бар экендигине карабастан, Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоо укуктарын ишке ашыруу белгилүү бир кыйынчылыктарга жана чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн. Алардын арасында жарандардын өз укуктары тууралуу маалыматынын төмөндүгү, операторлордун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө механизминин жоктугу, айрым уюмдар тарабынан мыйзам талаптарын толук аткарбагандыгы, каражаттын жана ресурстардын жетишсиздигинен маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө чектөөлөр, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо укугун бузуулар боюнча соттук териштирүүлөрдөгү кыйынчылыктар.
"Өлкөдө бул багытта Акыйкатчы, Бизнес-акыйкатчы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар – Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Экономика министрлиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Президенттин администрациясы, Эмгек министрлиги иштеп жатканы жакшы. Алар негизинен адам укуктары жана бизнес багытында жакшы маалымдалган. Булар биздин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана биз алар менен биргелешип иштейбиз. Мыйзамдар бар, аларды ишке ашыруу керек. Кардардын укуктарын коргоо боюнча, азык-түлүк коопсуздугу боюнча, керектөөчүлөрдүн, бейтаптардын укуктары боюнча", - деп түшүндүрөт ЭИКтин аткаруучу директорунун орун басары.
Бизнес жана адам укуктары жаатында Кыргызстан чет өлкөлөрдөн эмнеси менен айырмаланат?
Кыргызстан аз экспорттойт, ошондуктан ал дүйнөлүк компаниялардын жана рыноктордун Кыргызстанда адам укуктары боюнча саясаттын жана ишкердик ишмердүүлүктүн адам укуктарына тийгизген таасирине баа берүү жол-жоболору боюнча күтүүлөрүн канааттандыра бербейт. Чет мамлекеттердеги өз бизнесин ачып жатып, адам укуктары боюнча эл аралык укуктун бардык көрсөткүчтөрүн жана ченемдерин дароо сактоо керектигин түшүнүнгөн компаниялардан айырмаланат. Эксперт муну Кыргызстандын "локализацияланган" өлкө болгондугу, бизнес ал жөнүндө ойлонбогонун гана эмес, бул тармакты изилдөөгө жөн эле негиз жок болгондугу менен түшүндүрөт. Бул багытта бизнести адам укуктарына, ошондой эле жарандык секторго карата жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга тарбиялоо зарыл. Керектөөчүлөргө бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, айтып бериш керек. Бул деңгээлде дароо эле карама-каршылык пайда болот, бир жерде бизнес укуктарга өтө эле кайдыгер мамиле кылат, кай бир учурда керектөөчүлөр өздөрү керектөөдөн ашык талап кылышат. Постсоветтик өлкөлөрдүн калкынын көз карандылыгын эч ким жойгон жок", - деп жылмая белгилейт ЭИКтин аткаруучу директору.
Эксперт бул адам укуктары багытындагы өнүгүүнүн табигый жолу деп эсептейт. Мында диалогдун жана жаратмандыктын жолуна түшүү абдан маанилүү. Давлетбаев белгилегендей, компанияларга адам укуктарын урматтоо жөнүндө расмий билдирүү үчүн эмгекти коргоону камсыз кылуу үчүн ресурстар, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жашыл экономика жана коопсуздук маселелерине жооп бериши үчүн сапаттуу өндүрүштү камсыздоо керек. Мунун баары адам укуктарына таасирин тийгизет.
Ыш жана таза абага болгон укук? Чечим бар жана ал сыртта!
"Бишкекте түтүн. Бул жерден сиз кылмышкерлерди таап, бул теманы жылдар бою ашыра талкуулоого болот. Же бул маселени чечүү боюнча биргелешкен чараларды ойлонуш керек. Ошол эле газдаштыруу - бул көгүлтүр отту жеткирүүчүлөр менен мамлекет түтүн маселесин биргелешип чечкен ыкма. Электромобилдерди импорттоо, инфраструктураны камсыздоо – бизнес электромобилдерди импорттоо жана сатуу тобокелдигин өзүнө алат. Мамлекет өз кезегинде: "Биз силерге газга жана электромобилдерди импорттоого дем беребиз, рахмат! Биз кандайдыр бир маселеге субсидия кылабыз, мисалы, газдаштыруу же административдик процедураларды жөнөкөйлөтөбүз. Мына, сиз бул конушту газдаштыргыңыз келсе, биз өз кезегинде бардык зарыл болгон уруксат кагаздарды берүүгө жардам беребиз - бул өбөлгө да, мамлекет өзү буга жардам сурап жатат ", - деп түшүндүрөт юрист.
ЭИК өкүлү мындай механизмдерди бардык тармактарда – тамак-аш өнөр жайында, курулуш секторунда, кен казып алуу тармагында колдонууга болот деп эсептейт.
Улуттук мыйзамдар адам укуктары боюнча эл аралык таанылган стандарттарга канчалык деңгээлде ылайык келет?
"Кыргызстандын бардык мыйзамдары, анын ичинде Конституциясы адам укуктары боюнча эл аралык билль сыяктуу эл аралык пактыларды эске алуу менен иштелип чыккан. БУУнун Жетектөөчү принциптери – бизнес үчүн аларды кантип ишке ашыруу жана иш жүзүндө колдонуу боюнча көрсөтмөлөр болуп саналат. Жалпысынан БУУнун Жетектөөчү принциптери адам укуктары жаатында жаңы стандарттарды, жаңы милдеттенмелерди жаратпайт. Алар жөн гана ишкердик өңүтүндө адам укуктарын актуалдаштырат.
Ири компанияларда мунун баары белгилүү бир деңгээлде бар, мында бул чакан жана орто бизнес үчүн гана маселе, анткени алар аталган багытта жаңыдан иштей башташты жана дароо баарын камтый алышпайт. Алар баштапкы этапта кичинекей муктаждыктардан гана башташат: жумуш ордунда коопсуздук, өздөрүнүн жана аларда иштеген беш кызматкердин ден соолугун камсыз кылуу, кээ бир ачык-айкын нерселер, андан кийин жеке маалыматтар, курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири, компаниянын өсүшү менен экинчи даражада болот жана адам укуктарын сактоого басым жасалат", - дейт юрист.
Мамлекет бизнеске өсүүгө жана өнүгүүгө түрткү берүүгө тийиш. Албетте, ар бир чарба жүргүзүүчү субъект ушул этапта өз деңгээлинде саясатты, механизмдерди ишке ашыра алат, эгерде кемчиликтер болсо, бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын күтпөстөн, БУУнун Жетектөөчү принциптерин түздөн-түз эске алууга аракет кылат. Бул жагынан алганда, бизде тенденцияларды аныктаган дүйнөлүк компаниялар бар болгону жакшы.
Эмне үчүн дүйнөлүк компаниялар адам укуктары боюнча лидер болуп саналат?
"Анткени аларда штабда баштапкы деңгээлде адам укуктары боюнча милдеттенмелер толук жазылган жана бул саясаттар аймактык кеңселерге, жеткирүүчүлөргө чейин жөнөтүлөт. Жана ушул денгээлде мунун баары ыкчам чечилет. Пепси жана Ко сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрүнө көңүл бурсаңыздар, аларда бардык саясаттар бар жана алар компания же анын жеткирүүчүсү кайсы континентте иштегенине карабастан, ар бир кызматкерге тааныштыруу үчүн жөнөтүшөт.
Менин оюмча, биз УИПны түзүү боюнча күн тартибине кошулган 32-өлкө болуп калганыбыз бекеринен эмес. Бул абдан жакшы өбөлгө, анткени адам укуктарын урматтоо көптөгөн артыкчылыктарды берет", - деп жыйынтыктайт Жанабил Давлетбаев.
JIA бизнес-ассоциациясы
JIA бизнес ассоциациясы 2017-жылдан бери иштеп келе жатат жана юридикалык жактардын коммерциялык эмес ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат, ал Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерди өз ара колдоо үчүн жалпы кызыкчылыкка негизделген. Уюм ишкерлердин укуктарын мамлекеттин жана үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнөн коргойт жана бардык кызыкдар тараптарды коргоо менен алектенет.
"Бүгүнкү күндө бизнес чөйрөсүндө иш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы укуктук мамилелерде жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүүгө чакырык, бизнестин жергиликтүү коомчулукка тийгизген таасири көбүрөөк угулуп жатат. Биздин ассоциация 2022-жылдан бери БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Бизнес жана адам укуктары" аттуу долбооруна активдүү катышып келет, бул багытта биздин ассоциациянын юридикалык кеңешчиси Калыгул Салиевдин салымы чоң, ал эксперт катары тартылган", - дейт Аззамбек Жээнбай уулу.
Ассоциациянын аткаруучу директору бейформал иш менен камсыз кылууну Кыргызстандагы бизнестин адам укуктарын коргоодогу негизги көйгөйү деп эсептейт.
"Мындай абалдын келип чыгышынын биринчи себеби – жарандардын өз укуктары тууралуу маалыматынын төмөндүгү. Жарандар эмнеге макулдук бергенин окушпайт, ойлонушпайт да. Мындан улам адам укугу бузулган учурда иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда түшүнбөстүктөр орун алат.
Иш жүзүндө биз байкаган бизнестеги дагы бир көйгөй – салыктарды төлөбөй коюу. Мыйзамдарда ар бир жумушка кабыл алынган кызматкер үчүн социалдык чегерүү төлөнүшү керек деп жазылганы менен, чындыгында чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү салык төлөөдөн качканга аракет кылып келишет. Ал эми кызматкер келечекти ойлобостон, конвертте бир аз көбүрөөк айлык алгысы келет. Кийин 20-30 жыл иштеп, пенсияга чыккан соң мамлекет ага эч кандай жөлөк пул төлөй албай турган жагдайга туш болушат", - деп түшүндүрөт ассоциациянын директору.
Бизнестин адам укуктарына тийгизген терс таасиринен жапа чеккендерге жардам бердиңиз беле? Ошондой болсо, анын терс таасири кандай болгон?
Биз туш болгон учурлардын басымдуу бөлүгү тоо-кен тармагындагы жагдайлар жана анын жергиликтүү коомчулукка тийгизген таасири. Курулуш тармагында иш жүрүп жаткан аймактын жашоочулары күнүмдүк өнүгүү процессине байланыштуу ызы-чууга нааразы болгон жагдайлар да бар. Мындай кырдаалда жарандар бизге эмес, адам укуктарына жооп берген биригишкен мамлекеттик органдарга кайрылышат. Бул жерде ассоциация ишкерлердин укугун коргоочу катары иш алып барат.
Ири бизнестин адам укуктарын сактоодо чакан жана орто бизнестен айырмасы барбы?
Өлкөдөгү ири компаниялар өз ишмердүүлүгүн корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин ченемдерине ылайык жүргүзүүгө, тиешелүү саясатты кабыл алууга, жүрүм-турум кодексине жана башка ички документтерге адам укуктары боюнча жоболорду киргизүүгө аракет кылууда. Чакан жана орто ишкердик субъектинде көрүнүш башкача, алар адам укуктары тууралуу ойлошпойт жана алар үчүн бул маселе артыкчылыктуу эмес. Ири компаниялар ар түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк саясатын күнүмдүк күн тартибине киргизип, Кыргызстанда адам укуктарын тийиштүү деңгээлде сакташат, - деп эсептейт ассоциациянын аткаруучу директору.
"Албетте, компаниянын көлөмүнө жана анын ишмердүүлүгүнүн тармагына жараша инвестицияларды тартуу да өзгөрөт. Эгерде өнөр жай өндүрүшү жөнүндө айтсак, мыйзамдарда бекитилген ченемдер сакталбайт, көбүнчө ашыкча иштегени үчүн акы төлөнбөйт. Зыяндуу заттар менен иштөө үчүн атайын приборлорду жана жабдууларды колдонушпайт, бул кызматкердин ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Айыл чарбасында чоң көйгөйлөрдүн бири – мажбурлап иштетүү жана балдар эмгегин пайдалануу", - дейт Аззамбек Жээнбай уулу.
Кыргызстандагы компаниялар адам укуктарына көбүрөөк көңүл бурушу үчүн аларга кандай жардам керек деп ойлойсуз?
"Менин оюмча, профсоюздарды күчтөндүрүү керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда профсоюздар институту жетиштүү деңгээлде иштебей жатат. Мисалы, Германияда 1919-жылдан бери адам укуктары боюнча күн тартибин өркүндөтүү боюнча үзгүлтүксүз диалог жана тыгыз кызматташуу үчүн бизнес-ассоциациялар, мамлекет менен бирге 6 миллиондон ашык кызматкерлердин укуктарын көзөмөлдөгөн жана коргогон кесиптик бирликтер иш алып барат", - деп JIA өкүлү өз ою менен бөлүштү.
Бул күн тартибин илгерилетүүдөгү ролуңуз кандай деп ойлойсуз?
JIA бизнес ассоциациясы ишкердик чөйрөсүндө адам укуктарын илгерилетүү боюнча чакан жана орто бизнеске укуктук маселелерде жана аларды коргоодо колдоо көрсөтө алат. Ассоциация өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн юридикалык маселелерде ишкерлердин дараметин жогорулатуу максатында консультациялык жолугушууларды, тренингдерди, семинарларды өткөрүүгө даяр.
Бизнестин жоопкерчиликтүү жүрүм-туруму Кыргызстандагы бизнес экосистемасынын бекемделишине шарт түзөт. Адам укуктарына карата жогорку стандарттарды карманган компаниялар рыноктун башка катышуучулары үчүн лидер жана түрткү болуп, аларды БУУнун Жетектөөчү принциптерин аткарууга шыктандырат. Бул адам укуктарын сактоонун негизинде бизнес жүргүзүлүп жаткан атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүгө, өлкөдө ишкердик чөйрөсүнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү өбөлгөлөйт.
Ишкердиктин адам укуктарын сактоосу компаниялар үчүн репутациялык тобокелдиктерди азайтууга жана кардарлар, инвесторлор, кызматкерлер жана коомчулук сыяктуу кызыкдар тараптар менен мамилелерди жакшыртууга жардам берет. Ал тургай, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, жумуш орундарын түзүүнү, калктын жашоо сапатын жакшыртууну жана туруктуу өнүгүүнү шарттайт.
Кыргызстанда жоопкерчиликтүү ишкердикти мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы бар. Компаниялар өз ишинде адам укуктарын сактаган корпоративдик жоопкерчилик принциптерин жигердүү ишке ашыра алат, эл аралык стандарттарды сактап, мониторинг жана отчеттуулук системаларын, даттануу механизмдерин түзө алат, ошондой эле эмгек шарттарын жакшыртуу, курчап турган чөйрөнү коргоо, коррупция менен күрөшүү жана адам укуктарынын башка аспектилери үчүн кызыкдар тараптар менен алака түзө алат.
Бул макала Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУ ӨП "Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампаниянын элементи болуп саналат.
Манаева Айдай