Кыргызстан үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр

Бизнестин жоопкерчиликтүү жүрүм-турум стандарттары менен таанышуу деңгээли

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы компаниялардын жоопкерчиликтүү жүрүм-турум стандарттары менен таанышуу деңгээли төмөн.

Бизнес адам укуктары жөнүндө диалогдо экономикалык аргументтерге муктаж экенин жашырбайт. Ал адам укуктарын сактоонун экономикалык таасирин түшүнгүсү келет. Экономикалык таасирдин линзасысыз бизнес жоопкерчиликтүү бизнес жүрүм-турум темасын коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүнүн дагы бир чектөөсү катары кабыл алат.

Бирок, бизнеске заманбап дүйнөдө адам укуктарын сактоону камсыз кылмайынча, туруктуу бизнес жүргүзүү мүмкүн эмес экенин түшүнүү маанилүү. Пайда алып келе турган, бирок адам укуктарын бузган жүрүм-турумдун ортосундагы тандоону эске алуу менен жоопкерчиликтүү бизнес экинчи жолду тандайт. Экономикалык аргументке карама-каршы. Бирок ал үчүн адам укуктарынын бузулушу менен байланыштырбоо маанилүү болгондуктан гана.

Мындай жүрүм-турум дал ушул учурда пайда алып келбеши мүмкүн, бирок узак мөөнөттүү келечекте көбүрөөк пайдалуу: компания адам укуктарын коргоо жаатында жоопкерчиликтүү компаниянын имиджин түзөт. Мисалы, кээде компанияларга гендердик же улуттук стереотиптерге негизделген сюжеттерди жарнама кампанияларында колдонуу бир кыйла жеңил. Мындай жарнама рынокто көңүл бурдура алат. Бирок ал адам укуктарына терс таасирин тийгизет, анткени коомдо стереотиптерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Чакан жана орто бизнес үчүн кошумча тоскоолдук болуп, бул бизнестин адам укуктары жаатында маалымдуулугун калыптандыруу, саясатты иштеп чыгуу жана өз ишмердүүлүгүндө адам укуктарына терс таасирин тийгизүүчү тобокелдиктерди аныктоо үчүн ресурстардын өтө чектелгендиги саналат. Бирок, чакан жана орто ишканалар мындай компаниялардын адам укуктары чөйрөсүндөгү күтүүлөрү алардын адам укуктарына тийгизген таасирин баалоо жана мүмкүн болуучу терс таасирлердин алдын алуу үчүн чара көрүү жөндөмдүүлүгүнө пропорционалдуу экенин билиши керек. Мындан тышкары мамлекет, жарандык коом жана ири бизнес жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча иш-аракеттерди көрүшү керек.

Ири трансулуттук компаниялар компаниянын адам укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууда эң көрүнүктүү ролду ойнойт. Маселен, жергиликтүү бизнес трансулуттук компаниялар аларга тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтүп жаткан фактыга көбүрөөк туш болууда, бул өз кезегинде жергиликтүү компанияларды тийиштүү саясатты иштеп чыгууга жана адам укуктары маселелерине көңүл бурууга түртөт.

Инвесторлор, өлкөдө тиешелүү долбоорлорду ишке ашырган жана компанияларды долбоорлорго катышууга тарткан эл аралык уюмдар да жоопкерчиликтүү бизнес жүрүм-турумунун драйверлери катары чыга алышат.

Жоопкерчиликтүү бизнес жүрүм-турумунун стандарттарын билүүнүн төмөндүгү алардын корпоративдик социалдык жоопкерчилик (кайрымдуулук акциялары) менен идентификацияланышына алып келет, же бизнес тарабынан ишкердикти ишмердүүлүктү чектөө, бизнеске кошумча жүктөрдү артуу катары кабыл алынат.

Ири компаниялар жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун көрсөтүп, адам укуктары чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын жакшыраак түшүнүп, адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарды билет. Бул бир нече факторлор менен шартталган: адамдык жана финансылык ресурстардын көбүрөөк болушу (айрым компаниялар кызматкерлерди окутууга жиберишет, анын ичинде адам укуктары маселелери боюнча, тиешелүү саясатты иштеп чыгуу үчүн өзүнчө бюджет бөлөт жана башкалар), инвесторлордун белгилүү бир кызыкчылыгы жана трансулуттук өнөктөштөр; кызматкерлерди кармап калуу каалоосу, кадрлардын алмашуусун кыскартуу; ири компанияларда профсоюздар көп кездешет. Бирок, бул чоң компаниялар адам укуктары боюнча маалымдуулукту жогорулатууда, адам укуктары боюнча саясатты иштеп чыгууда жана талаптагыдай текшерүү механизмдерин ишке ашырууда чакае жана орто бизнести камсыздоо чынжырларында колдоо керек дегенди билдирет. Мындан тышкары, ири бизнес, өздөрүнүн бардык жеткирүү чынжыры үчүн даттануу механизмдерин түзө алат.

Көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, бул Кыргызстандагы компаниялар үчүн бизнеске жана адам укуктарына кызыкдар боло баштаган, адам укуктары боюнча өзүнүн саясатын иштеп чыгуу үчүн абдан ыңгайлуу учур. Биринчиден, дүйнөдө бул теманын популярдуулугу өсүп жатканына карабастан, ал жигердүү өнүгүүнү улантууда, ачык лидерлер жана ачык аутсайдерлер жок. Кыргызстан жана Кыргызстанда иштеп жаткан компаниялар Борбор Азиядагы бизнес жана адам укуктары темасын өнүктүрүүдө үлгү боло алат. Ушул тапта тема менен иштей баштаган компаниялар инвесторлордун, өнөктөштөрдүн, алардын кызматкерлеринин, кардарларынын жана бүтүндөй коомдун көз алдында атаандаштарынан артыкчылыктуу айырмаланышат.

Адам укуктары чөйрөсүндөгү корпоративдик саясат: Кыргызстанда жагдай кандай

Өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатындагы корпоративдик саясаттын өнүгүшүнүн бир нече гана мисалдары бар. Мындай саясаттар, компаниялар өздөрү көрсөткөндөй, көп учурда ар кандай колдонмолордон тиешелүү жоболорду көчүрүү же башка компаниялардын ушуга окшош тажрыйбасына таянуу аркылуу иштелип чыгат. Ошол эле учурда компаниялар алардын ишмердүүлүгүнүн адам укуктарына тийгизген таасирине ички баалоону жүргүзүшпөйт, көйгөйлүү маселелер (компаниянын өкүлдөрү моюнга алгандай) кээде кокусунан пайда болот (мисалы, компаниялардын биринде компаниянын адам укуктары жаатындагы саясатын бардык кызматкерлер окуй албаганы, анткени алар айрым кызматкерлер сүйлөй албаган орус тилинде жазылганы "кокусунан аныкталган").

Компаниялар ошондой эле адам укуктары чөйрөсүндөгү корпоративдик саясатты иштеп чыгууну чечүүдө аныктоочу фактор болуп жетекчиликтин позициясы экенин түшүнүшөт (кээде демилге жетекчиликтин өзүнөн чыгат, кээде демилгелүү топ жетекчини/ менчик ээсин корпоративдик саясаттын зарылдыгына/пайдалуулугуна ынандырат).

Ошол эле учурда компаниялар бара-бара адам укуктары боюнча өздөрүнүн саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга кызыкдар болуп баратышат. Бул жерде маанилүү ролду B+ HR Academy ойнойт, анын алкагында компаниялар бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча окутуулардан (тренингдерден) өтүшөт, андан кийин алар адам укуктарын корпоративдик сактоону ишке ашыруу боюнча конкреттүү компаниянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эксперттерден жеке консультация алуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Атүгүл дүйнөдөгү алдыңкы компаниялар адам укуктарынын сакталышындагы кемчиликтерди ийгиликсиздик эмес, өсүү чөйрөсү катары көрүшөт.

Жеткирүү чынжырларындагы адам укуктары

Компаниялар өтө аз компаниялар жеткирүүчүлөрдөн кандайдыр бир маалыматты талап кылууга, анкеталарды жөнөтүүгө, келишимдерге адам укуктары боюнча пункттарды киргизүүнү талап кыла аларын белгилешет. Бул алардын жеткирүү чынжырына таасири бар компаниялар. Компаниянын өзүнө белгилүү бир жеткирүүчү керек болгон кырдаалда, ал тигил же бул маалыматты ачыкка чыгарууга шарт коё албайт.

Мындан тышкары, жеткирүү түйүндөрүндө чакан жана орто компаниялардын болушу сөзсүз түрдө аларда расмий эмес иш менен камсыз болгондор барбы деген суроону жаратат. Өлкөдө формалдуу эмес жумуштуулуктун жогорку пайызын (70%дан ашыгы) эске алганда, формалдуу эмес иш менен камсыз болуу ыктымалдыгы кыйла жогору. Мындай фактылар ачыкка чыккан кырдаалда аларды жаап-жашырууга ишкана кандай жооп кайтарышы керек деген суроо туулат.

Ушундай эле жагдай айыл чарба өндүрүмдөрүн жеткирүү түйүндөрүндө же балдар эмгегинин ыктымалдуулугу өтө жогору болгон азык-түлүк чогултуу тармагында кездешет.

Кыргызстандагы компаниялар үчүн бул чакырыктарды жоопкерчиликтүү бизнес жүрүм-турумду ишке ашырууга тоскоолдук катары эмес, аларды башка компаниялар, укук коргоо уюмдары, мамлекеттик органдар менен күч-аракеттерди бириктирүү жана кызматташтыкты куруу предметине айландыруу катары кароонун мааниси бар.

Бул макала Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУ ӨП "Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампаниянын элементи болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД