Дайынсыз жоголгон аскердин кызы атасын башка ат менен тапты

"Согуш тууралуу менин окуям" марафонуна 81- жаштагы Келгенбюбю Кыдышова Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү өз окуясы биздин vb.kg редакциябызга кайрылды.

Келгенбюбю Кыдышова 81-жашта, бул жерге 1942-жылы согушка кетип , дайынсыз жоголгон атасы Тюлебердиев Кыдышты издеп келген. Биздин командабыз Тюлербердиев Кыдыш тууралуу маалымат издөөдө "Память народа" порталынан аскердик анкетасын таптык. Аскердин анкетасые жубайы Тюлебердиева Кулаписанын Коргоо министрлигине издөө катын жөнөткөндөн кийин 1949-жылы 16- августа түзүлгөн. Анкетанын сүрөттөмөсүндө жоокердин ысымынан ката кеткен. Тагыраак айтканда, "Кыдыш" эмес "Когдым" деген ат менен порталга киргизилген. "Вечерний Бишкек" редакциясы порталга катаны оңдоп коюу өтүүчү менен кат жөнөттүк , учурда жооп күтүүдөбүз.

Ойлоп көрсөм апама оор эле болгон, кандай деген кыйынчылык менен бизди өстүрдү.Тынч заманда дагы төрт бала менен жалгыз бой эне кыйынчылык менен өмүр сүрөөт , ал эми ал учурда согуш болуп жаткан учур,тапкан оокаттын баарын эле фронтко деп атса, апам жаңы төрөлгөн мени жоонуна асып алып колхоздо кызылчада иштеп кыйналып бизди бакты.

Азыр болсо Кыдыштын тукумунан мен жалгыз калдым, апамдан жана эжемдерден дагы айрылдым, атамдын агасы менен дагы катташтык, бирок ал киши дагы азыр бул дүйнөдө жок. Менин алты балам бар. Азыркы убакта кыздарым үй- бүлөлүү болуп ар тарапка кетишкен, мен болсо уулум жана неберелим менен жашайм

"Атам жөнүндө көп деле маалымат билбейм. Бирок өмүрүмдүн көп бөлүгүндө ал жөнүндө ойлонуп, кандайдыр бир кабар алсам экен деп жүрдүм. Анын кыймыл-аракетин, эмне менен алек болгонун, кулк-мүнөзүн же болбосо жок дегенде сүрөтүн тапсам деген үмүтүм чоң ушул күнгө чейин. Мен эс тарта элек кезимде бир сүрөтү бар эле ,бирок кийинчирээк ал сүрөттү дагы таппай калдым , ошол сүрөттөн атамдын келбетин алгачкы ирет көргөм.Дагы да болсо жарык жүздүү атамдын өзүн же сүрөтүн көрсөм деген үмүттөмүн"-дейт Кенгенбюбю Тюлебердиева.

Даярдаган: Асимканова Жазгүл


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД