Абдикарим Алимбаев соцжардам алган үй-бүлөлөрдүн ишкердигин текшерди

Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында 100миң сомдон алган үй-бүлөлөргө барып, алардын баштаган ишкердигин текшерди. Бул туралуу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма-сөз кызматы билдирет.

Анын билдирүүсүндө, Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын жана Баткен районунун бир катар тургундарынын 2022-жылы алган каражаттарын кантип пайдаланып жаткандыктарын жеринен көрүп чыкты.

Үй шартында кондитердик цех,азык түлүк дүкөнү,тез татым ачып,бут кийим саткан айымдар,бул долбоор алардын турмуш шартын жакшыртуу максаттарын ишке ашырууга зор мүмкүнчүлүк болгонун,үй бүлөлүк кирешесин жогорулатып жаткандыгын белгилешти.

"Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун максаты - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу.

Белгилей кетсек,2022-жылы Баткен облусу боюнча 222 үй бүлө 100миң сомдук социалдык жардам берилген.

Ал эми 2023-жылы бул жардам 1097 үй-бүлөгө каралган болсо, учурда 1021 үй-бүлөгө каражат берилген.

Даярдаган: Асимканова Жазгүл


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД