Айнура Кангелдиева: Аталарынын сүрөттөрүн таштандыдан көрүп , жаным кейиди

Биздин редакциябыздын коногу Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылынын Аден Истамбеков атындагы орто мектебинин тарых мугалими -Кангелдиева Айнура Муратбековна.

"Таенем Көбөкова Кымынай жана таятам Көбөков Ыбырайым Пионер айылында түтүн булатып жашашкан. 1941- жылы чоң атам каардуу согушка кеткен. Таенем 3 жаштагы кызы Жекшекан менен калып, кырмаанда, тылда иштеп, үй-бүлөсүн баккан. Таятам жөнүндө маалымат жок болуп , кийинчирээк 2021-жылы таятамды Казак ССРинин военкаматы менен кетип, Смоленск шаарындагы 728- аткычтар полкунда кызмат өтөп,1942 - жылы 26- августа катуу салгылашууда каза болуп, сөөгү Смоленск шаарына коюлганын билдим"

Анын айтымында чоң атасы Кангелдиев Абылкасым Сталинград шаарындагы салгылашууга катышып,2 жолу жарадар алган. Өмүрүнүн көп бөлүгүндө Москванын презиумунунда котормочу болуп иштеген.

2021- жылы А.Истамбеков мектебинде Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата Ичке Жергез айылынан согушка катышкан аталардын өмүр баянын, сүрөттөрүн, маалымат топтоо үчүн "Учкун" изилдөө отряды түзүлгөн. Маалыматтар боюнча Ичке- Жергез айылынан 100 адам согушка аттанып,анын ичинен тылда 4 адам, тыңчы 6, учкуч 1, атчандар дивизиясында 4, көзгө атар 5, ашпозчулар 2, Ленинграддык блокадага 2 адам кызмат өтөгөн.Кайтып келгендер 40 адам,Кайтпай калгандар 59 адам, дайынсыз жоголгондор 9 адам болгон.

Топтолгон материалдардын натыйжасында "Жеңиштин баасы кымбат" деген китеп 50 тиражда басылып чыккан жана айылдын элине санжыра кататырында таратып берилген.

Даярдаган: Асимканова Жазгүл


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД