Акыйкатчы аппаратынын ишкерлик тартибине салымы

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Акыйкатчы жөнүндө" Мыйзамына ылайык иш алып барат.

Улуттук укук коргоо мекемеси катары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы мандаты мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттин бүткүл аймагында адам укуктарын бузуунун бардык түрлөрүн чечүүнү камтыйт.

Акыйкатчы аппараты ыйгарым укуктарынын чегинде - адам укуктарын жана эркиндигин коргоо, укук бузуулардын алдын алуу жана аларды калыбына келтирүүгө көмөктөшүү, адам укуктарын жана эркиндигин басмырлоонун (кодулоонун) ар кандай түрлөрүн чечүү камтылат.

Акыйкатчы аппаратынын салымы тууралуу Акыйкатчы институтунун жыйынтыктуу талдоо жана пландаштыруу боюнча эксперти Улан Абдымомунов айтып берди.

Акыйкатчы аппараты ишкерлик жана адам укуктары боюнча күн тартибин илгерлетүүгө кандай салым кошту?

Ишкерлик жана адам укуктары Кыргызстанда жаңы тема. Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоо боюнча 2021-жылга карата Акыйкатчынын баяндамасынын негизинде нускамалар иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин токтому менен бекемделген жана Министрлер Кабинетине аткаруу үчүн жөнөтүлгөн. Бул нускамаларды аткаруунун алкагында бизнес жана адам укуктары жаатында Иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Бул демилге жарандардын укуктарын көзөмөлдөө жана сактоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттешүүдө ишке ашырылат.

Эксперттин айтымында, учурда "Адилет укуктук клиникасы" Коомдук фонду "Бизнес жана адам укуктары улуттук базалык изилдөө" жүргүзүүдө жана ушул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бизнес жана адам укуктары жаатында Иш-аракеттердин улуттук планынын долбоорун иштеп чыгат.

Актуалдуу суроо

"Кыргызстанда бул маселе актуалдуу. Бизнес-түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүндө ишкерлик жана адам укуктары маселесинде укуктар бузулбашы керек. Ишканалар бул ишмердүүлүктү баалоо үчүн ички куралдарга ээ болушу мүмкүн, адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуучу жагдайлар болбошу үчүн жигердүү иш алып баруу керек", - деп эсептейт Акыйкатчы эксперти Улан Абдымомунов.

Бирок эксперттин маалыматы боюнча Акыйкатчы аппаратында азырынча "бизнестин корпоративдик ишин жөнгө салуучу эл аралык укуктун ченемдерине түздөн-түз адистешкен кызматкерлер жок".

Эмгектик талаш-тартыштары боюнча жарандардын кайрылуулары

Акыйкатчы институтуна адам укуктарынын жана эркиндигинин бузулушу боюнча байма-бай кайрылуулардын негизинде көп учурларда иш берүүчү кызматкерлерге карата эмгек келишиминин шарттарын аткарбай келет. Бизде 115 ишеним телефонуна чалган темалар боюнча статистикалык маалыматтар бар. Бул кайрылуулардын ичинен конкреттүү кайрылуулар эмгек укуктарынын бузулушу боюнча:

● 2019 год – 92 кайрылуу;

● 2020 год – 67 даттануу;

● 2021 год – 74 кайрылуу.

Бизнестин жана адам укуктарынын бузулушунун чыныгы көлөмүн аныктоо "дээрлик мүмкүн эмес". Статистика жарандардын "Акыйкатчы" аппаратына кайрылуусунун негизинде түзүлөт.

"Жалпы санга пропорционалдуу салыштырганда, алардын үлүштүк массасы дээрлик өзгөрбөйт, бул бардык чалуулардан болжол менен 2% түзөт", - деди эксперт.

Адис Акыйкатчыга кайрылуулардын аз болушунун себебин жарандардын Акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктары тууралуу маалыматынын төмөндүгү деп эсептейт.

"Бишкектен 40-50 чакырымга чыксаң, эл Акыйкатчы институтун билбейт да. Бизге негизинен үмүтсүз абалда калган адамдар кайрылышат. Мүмкүн, эл биздин мекеме тууралуу тереңирээк маалымат алса, алардын саны көп болмок беле", - дейт Акыйкатчы институтунун кызматкери.

Жапа чеккендер эмне кылуулары керек?

"Адам өз укуктарын коргоо боюнча каралган бардык механизмдерди колдонуп бүткөн соң Акыйкатчы ишке киришет, анын мандаты ушундай. Эгерде адам бардык инстанциялардан өтүп, баары бир адилеттүү чечимге жетише албаса же кайсы бир жерде мыйзамдык деңгээлде кайсы бир мыйзам иштебесе, же укук ченемдери туура эмес колдонулган болсо. Мындай шартта биз ишке киришебиз. Биз адвокаттар сыяктуу эмеспиз, биз укук коргоочу жакпыз, чыныгы көйгөйдү мыйзамдык деңгээлде аныктоо максатында аракет кылабыз", – деди эксперт Улан Абдымомунов.

Эгерде адам укуктары бузулса же сот адилетсиз чечим чыгарды деп ойлосоңуз, анда 115 ишеним телефонуна ар дайым кайрылсаңыз болот, кененирээк маалымат алуу үчүн Акыйкатчынын Тыныстанов 120 дарегиндеги кеңсесине келиңиз.

Бул макала Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУ ӨПтүн "Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстандагы ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампаниянын элементи болуп саналат.

Автору: Манаева Айдай


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД