Тамара Утепова: Атам 3 немисти туткунга алып, бир взводду сактап калган

Тюлебек Джаненов 1918-жылы төрөлгөн согуштун ардагери.Өзүнүн эмгектери үчүн үч I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, III даражадагы Даңк ордени, 21 медаль, анын ичинен экөө "Эрдик үчүн" сыйлыктарына татыган.

9 жашында томолой жетим калып,Казакстандан Кыргызстанга тайкелерин издеп жөө келген. Келген соң Пишпекте көмүр ташып күн өткөргөн. Кыялында аскерге барууну саамап, өз ордун ошол жакта көргөн.Кийин разведкадан командирлер курсун өтүп взводдун командиринин жардамчысы болгон.

1938-жылы Кызыл Армияга чакырылган. 1939-жылдын декабрь айынан 1940-жылдын март айына чейин Финляндия согушуна , андан кийин Румыниянын куралдуу күчтөрүнөн Бессарабияны, Түндүк Буковинаны бошотуу үчүн салгылашууларга катышкан. Батыш Украинаны бошотуу учурунда жаракат алган.Улуу Ата мекендик согуш учурунда командирдин ролун аткарып, фашисттик немистердин окопуна кирип, 3 солдатын туткунга алып, алардын планын билип алган. Ушунун негизинде бир взвод тирүү калган.Согуш учурунда Фрунзеден Берлинге жөө жетишкен. Москва үчүн салгылашууда 1941-жылы Кызыл Армиянын чабуулу башталган, 1942-жылы экинчи жаракатын алган. Кийин ал төртүнчү жолу жарадар болуп, аны демобилизациялаган.Кайтып келгенден кийин Казакстанга барып, туугандарын издеп, бирок жыйынтык болгон эмес. Ал жактан үйлөнүп,кызы Тамара төрөлгөндөн кийин Кыргызстанга көчүп келген. "Кыргызстанды абдан жакшы көрчү, уул-кыздарына дагы Кыргызстанга жашагыла , кетпегиле деп көп айтчу"-деп эскерет кызы Тамара. Казакстандын жарааны болгону менен өмүрүнүн көп бөлүгүн Кыргызстанда өткөзгөн,уул-кыздары дагы документтерде казак болгону менен , бирок Кыргызстанда өмүр сүрүшөт.

Тюлебек Джаненов өмүрүнүн акырына чейин сыйлыктарын алууну каалаган, балдар-кыздарына кат жазып тактоосун суранган. Кызы Тамара Утепова сыйлыктарын тактап берүү кайрылуусу менен Белоруссия,Россия президентерине бир нече жолу кат жазган, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес. 2007-жылдын июнунда сыйлыктары такталып, сыйлыктарын алган, ошол жылдын октябрь айында рак оорусунан каза болгон.

Даярдаган: Асимканова Жазгүл


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД