7-майда Туз айыл аймагында "Эскерүү вахтасы" болуп өттү

Чүй облусуна караштуу Ысык- Ата районунун Туз айыл аймагында 2023-жылдын 7-майында "Эскерүү вахтасы" аттуу акция болуп өттү. Акция Туз айыл аймагынын башчысы - Дононбаев Акылбек Шимеевичтин демилгеси менен уюштурулду. Ал Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларга арналып тургузулган эстеликтин жанында болуп өткөн. Ага А.Айталиев атындагы орто мектебинин окуучулары катышышты. Иш чаранын максаты - жаштарды аскердик-патриоттукка тарбиялоо жана 1941-1945 жылдары Уулу Ата-Мекендик согушта каза болгон жоокерлерлердин эстөө жана элесин түбөлүккө сактоо болгон.

Эскерте кетсек,7-жылдын 2023-майынан тарта Бишкекте "эскерүү вахтасы" акциясы өтүп, анда борбор калаадагы орто мектептердин жана аскердик-патриоттук клубдардын окуучулары Жеңиш аянтындагы Түбөлүк оттун алдында турушат. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Даярдаган: Асимканова Жазгүл


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД